Жаңылыктар

08.07.2025 17:18

   Кароолор: 52

ӨКМдин ЖАЙКЫ ОКУУ МЕЗГИЛИ – ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР БАШАТЫ!

Бүгүн, 8-июнда ӨК министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамыркановдун катышуусунда куткаруучулардын жайкы окуу мезгили салтанаттуу түрдө ачылды. Өздүк курам сапка тизилип, Гимндин коштоосунда желек көтөрүлдү.

Андан соң министрдин орун басары 2025-жылдын жайкы окуу мезгилинин ачылышы, аны ийгиликтүү өткөрүү бүтүндөй Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн зор жоопкерчилик, ошол эле учурда жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн башаты экенине токтолду.

“Биздин алдыбызга кесипкөйлүктү жогорулатуу күжүрмөн даярдыкты чыңдоо жана заманбап талаптарга жооп берген куткаруу бөлүктөрүн түзүү милдети турат. Жайкы окутуу – биздин даярдыгыбыздын негизи, күчүбүздүн чыңдыгы, куткаруу ыкмаларынын булагы! Андыктан бирдиктүү аракет менен ийгилик жаратасыздар”, - деди Урматбек Шамырканов.

Анын айтымында, ӨКМде жаңы окутуу материалдарын өздөштүрүүгө бардык шарттар түзүлгөң. Ага окуу бөлмөлөрү, окуу талаалары, тажрыйбалуу инструкторлор, эң башкысы – тартип жана биримдик бар. Аскердик тартипти чыңдоого, заманбап технологияларды өздөштүрүүгө аскер кызматчысынын психологиялык туруктуулугун бекемдөө зарыл. Куткаруучуларга саптык даярдык менен катар кыйын кырдаалда туура, ыкчам чечим кабыл алууга, оор кырдаалдарда, кыйын шарттарда иш алып баруу үйрөтүлөт.

Министрдин орун басары “Куткаруучу” деген кесипти сыймыктуу алып жүрүүгө, кесипкөйлүк, маданияттуулук жана милдетин так аткара билген аскер кызматчысы болууга чакырды.

Белгилей кетсек, ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен 2025-жылдын 8-июлунан тарта ӨКМдин өлкө аймагындагы башкармалыктарынын аскер кызматкерлери жана РӨКО, КДМБ аскердик мекемелери жайкы окуу мезгилине өтүштү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу