Жаңылыктар
01.04.2025 11:29
Кароолор: 377
ӨКМдин ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ БОЮНЧА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН 2025-ЖЫЛДЫН 1-КВАРТАЛЫНДА АТКАРГАН ИШ-ЧАРАЛАРЫ
2025-жылдын 8-январында кышкы окуу мезгилинин башталышы менен ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы көтөрүлгөн “Айгай” боюнча чогулуп, куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгын текшерүү жана тактика-саптык сабактарды башташкан.
19-февраль күнү облустук жарандык коргонуунун жыл жыйынтыгы чыгарылып, 2024-жылдагы кемчиликтерин эске алуу менен 2025-жылга тиешелүү тапшырмалар коюлду.
Жарандык коргонуу жаатында 8 штабдык машыгуу, 1 команда-штабдык машыгууга катышуу жүрдү.
Жалпы облус аймагында үч ай ичинде 93 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 20 млн сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген. Ал эми куткаруучулар тарабынан 160 млн сомдон ашык материалдык баалуулуктар сакталып калды.
Өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында:
- 715 үгүт-насаат иштери;
- 6 өрт-тактикалык машыгуулар;
- 4 түнкү машыгуу өткөрүлдү.
Өрттү көзөмөлдөө кызматы менен 32 өрт коопсуздугун текшерүү иштери жүрдү. Атайын алдын алуу багытындагы иш-чаралар боюнча 2 объектиде алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Ал эми сел агындарынын алдын алуу боюнча 35 эскертме берилип, арыктарды жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймакта жашаган 5 тургунга жана 2 айыл башчыга атайы эскертме берилген. Учурда көрсөтүлгөн аймакта абал туруктуу.
24-март күнү аба ырайынын көтөрүлүшү жана нөөшөрлүү жаандын жаашы менен Түп районунун Карасаев айыл аймагынын Долон, Тасма , Токтоян айылдарында жана Ак-Суу районунун Хан-Теңри айыл аймагынын Советское айылында суу каптоо коркунучу жаралып, аны жоюуга жалпы:
- ЖК кызматтарынан 9;
- айыл аймактардан 2;
- жеке менчик 3 инженердик техника;
- ЖК кызматтарынан 32;
- жергиликтүү айыл аймактардан 15 адам;
- ӨКМден 38 куткаруучу тартылып абал турукташтырылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР