Жаңылыктар
16.09.2024 17:40
Кароолор: 229
ӨКМдин ЫСЫК-КӨЛ БАШКАРМАЛЫГЫНА ЭС АЛУУ МЕЗГИЛИНДЕ СУУГА ЧӨГҮП КАЗА БОЛГОН 20 ОКУЯ КАТТАЛДЫ
Ысык-Көлдө 2024-жылдын жайкы туристтик мезгили расмий жыйынтыкталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын шаардык жана райондук ӨК бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте жайкы эс алуу мезгилинде жүргүзүлгөн иш-чаралары тууралуу маалымат берилди.
Ага ылайык, суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелерин аткаруу боюнча 69 эскертме берилип, талаптарды аткарбаган 18 факты тиешелүү органдарга чара көрүү үчүн жиберилген.
Маалым болгондой, 2024-жылдын сууга түшүү мезгилинде ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалына агын сууга жана көлгө чөгүп каза болгон 20 окуя катталган. Анын ичинен:
- 2 жаш өспүрүмдөр ата-энесинин кароосуздугунан өлүмгө учураган;
- 1 жаран сууга түшүү мүмкүнчүлүгү жок жерге эс алууга барып чөгүшкөн;
- 1 жаран балык уулоо учурунда көлгө чөгүп кеткен;
- 10 жаран жабдылган эс алуу жайынан сууга түшүү эрежелерин сактабагандыктан көлгө чөгүп каза болушкан.
- 5 жаран агын сууга агып каза болгон.
- 1 жаран клубника сугарган жасалма бассейинге чөгүп каза болгон. Ал эми былтыркы жылы сууга чөгүп каза болгон 13 учур катталып, быйыл 7 фактыга көп болду.
ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын карамагындагы 16 суучул-куткаруучу күчөтүлгөн тартипте нөөмөт өтөп, сууга түшүүгө ылайыкташылбаган суу объектилерине тыюу салуучу “Сууга түшүүгө болбойт” темасында 567 белгилер орнотулган жана сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо максатында, калк арасында 6018 адамдын санын камтыган 391 жайга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 4032 буклет таратылган.
Мындан тышкары, жеригиликтүү телерадио жана социалдык түйүндөр аркылуу суудагы эрежелерди жана коопсуздукту сактоо боюнча атайын 37 фото-видеороликтер иштелип чыгып калкка жеткирүү иштери уюштурулган.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ