Жаңылыктар
29.12.2023 11:59
Кароолор: 591
ӨКМдин ЫСЫК-КӨЛ БАШКАРМАЛЫГЫ ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫКТАДЫ
28-декабрь ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жана ага караштуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, узап жаткан жыл ичинде аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынттыгы чыгарылды.
Анда облус аймагында Жарандык коргоо, Өрт өчүрүү жана авариялык куткаруу, Калк жана аймакты коргоо, Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштеринде, өздүк курамдын жетишкендиктерин эске алуу менен Балыкчы шаардык ӨКБнын өздүк курамы I орунду ал эми II жана III орундарды Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондук ӨКБлары ээлешти. “Жылдын мыкты жетекчиси” наамына кезинде Балыкчы шаардык бөлүмүн жетектеп турган полковник Б.Молдоисаев татыктуу болду. Жеңүүчүлөргө келерки жылга түрткү болуусу үчүн ардак грамоталар жана оргтехника тапшырылды.
Башкармалыктын башчысы полковник М.Карабаев 31-декабрь алдындагы жана андан кийинки эс алуу күндөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга, ошондой эле 2024-жылы куткаруучулардын кесиптик билимин жогорулатууга, материалдык базасын чыңдоо тапшырмасын берди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР