Жаңылыктар

08.08.2025 20:08

   Кароолор: 185

ӨКМдин ЫСЫК-КӨЛ БАШКАРМАЛЫГЫ ЖАҢЫ ИМАРАТТЫН БОСОГОСУН АТТАДЫ

Бүгүн, 8-августта Каракол шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жаңы курулган имаратынын ачылышы аземи өттү.

Салтанаттуу ачылышта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров алгач башкармалыктын аянтында коюлган заманбап техникалар, куткаруу шаймандары, табигый кырсыктарга изилдөө жүргүзүүчү жабдыктар, акыркы үлгүдөгү учкучсуз учуучу апараттар дегеле, бүгүнкү күндөгү куткаруучулардын түрдүү кырсыктар менен күрөшүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып чыкты.

Андан соң Садыр Жапаров салатанаттуу иш-чарада катар тизилген куткаруучулар, ардагерлер менен саламдашып, аларды жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, босого аттоо алдында боо чечүү жөрөлгөсүн жасады. Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жана ардагерлердин коштоосунда имараттын босогосун аттаган Өлкө башчысы куткаруучуларга түзүлгөн жаңы шарттарды көрүп чыкты.

Жаңы иш бөлмөлөр кеңсе жабдыктары, эмеректер менен жабдылып, кызматкерлердин ыкчам иштөөсүнө бардык шарттар түзүлгөн. Жаңы имараттын ишке берилиши менен Ысык-Көл облусу боюнча Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун “112” кызматы өз ишин баштады.

Таанышуу учурунда эрте эскертүү системасынын иштеши, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар коркунучунда колдонулуучу мониторинг жана чара көрүү механизмдери тууралуу маалымат берилди.

Жыйында Президент куткаруу кызматтарынын ыкчам чара көрүүгө даярдыгын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ӨКМдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо мындан ары да жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болорун баса белгиледи.

Тарых барагына кылчайсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын эски административдик имараты 1956-жылы курулуп дээрлик, 70 жыл колдонулган. 1971-жылы аталган имаратта Жарандык коргонуу штабы, ал эми 2004-жылы Ысык-Көл облустук жарандык коргонуу башкармалыгы, кийин ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгы болуп өзгөргөн.

2023-жылы декабрь айында министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин демилгеси менен ӨКМге караштуу Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык мамлекеттик ишканасы тарабынан курулушу башталган.

КР ӨКМПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу