Жаңылыктар
31.12.2024 17:45
Кароолор: 88
ӨКМдин ТОО КЫРСЫГЫНАН КУТКАРУУ КЫЗМАТЫНЫН КУТКАРУУЧУЛАРЫ БӨБӨКТӨРДҮ КУБАНТТЫ
Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучулары катаал шартта куткаруу иштерин жүргүзсө, бүгүн Жаңы жылдын урматына майрамдык иш-чара өткөрүштү.
Жыргалаң айылындагы Т.Асанбаев жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын окуучуларынын балаты майрамына катышып, 7-өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунун куткаруучулары тарабынан таттуулар жана белектер берилди.
Ушундай эле маанидеги иш-чара аталган кызматтын облустардагы взводдорунда да уюштурулду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР