Жаңылыктар

14.02.2025 14:37

   Кароолор: 408

ӨКМдин ТОКОЙ КЫЗМАТЫНЫН ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча техникалык кеңешме болуп өттү. Жыйында КР ӨК министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы, полковник Асан Сулайманов, Токой кызматынын директору Мураталы Тагаев өлкө аймагындагы токой чарбалардын жетекчилери катышышты.

Жыйындын башында Токой кызматынын директорунун орун басары Талантбек Садыров 2024-жылы өлкө аймагындагы токой чарбасынын ишмердүүлүгүн баяндап, 41 токой чарбасына жана 1 токой коргоо жана сактоо станциясынын аткарган иштерине кеңири токтолду. Ал экме токойлорду тигүү, көчөтканаларда үрөн себүү жана көчөттөрдү отургузуу, калктуу конуштарды жашылдандырууга, жашыл аянтты кеңейтүү үчүн көчөттөр менен камсыз кылуу жана экме токойлордун өнүмдүүлүгү боюнча маалымат берди. Ошондой эле 2024-жылга 206 миллион 740 миң сом киреше түшүрүү пландалса, иш жүзүндө 230 миллион 778 миң сом киреше түшүп, коюлган план 111,3% аткарылганын белгилеп өттү.

Министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов токой кызматкерлерине кайрылып, токой чарбаларынын потенциалы жогору экенин жана алардын ресурстарын эффективдүү пайдалануу аркылуу экономикалык жактан да жетишкендиктерге жетүүгө мүмкүн экенин белгиледи. Ал ошондой эле эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешип, атайын долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.

Токой кызматынын директору, кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев өткөн жылы белгиленген пландардын аткарылышын каанатандыраарлык деп баалап, Жумгал, Кочкор-Ата, Токтогул токой чарбаларын өзгөчө белгиледи. Ал токой чарбаларынын жетекчилерине өз ара тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн айтып, үзгүлтүксүз өнүгүү үчүн тыгыз кызматташтыкты талап кылды. Ошондой эле токой чарбаларын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, көчөтканаларды өндүрүп, өстүрүү иштерине чоң басым жасоо керектигин айтты.

Жыйындын жүрүшүндө аймактагы токойчулардын көйгөйлөрү да көтөрүлдү. Мында мамлекеттик токой фондунун жерлерине мал жаюу токой жайыттарынын деградацияга учураганы белгиленди. Мындан тышкары, техникалардын эскилиги, кызматкерлердин айлык акысынын төмөндүгү, жаш адистердин жетишсиздиги жана жашыл аянтты көбөйтүү боюнча маселелер талкууланды. Токой ресурстарын сактоо, көчөттөрдү сатуу жана экме токойлордун өнүмдүүлүгүн жогорулатуу көтөрүлдү.

Кеңештин жыйынтыгында, аймактардагы токойчулардын демилгелери жана келечектеги иш-чаралар тууралуу план түзүлдү. 2025-жылы токой чарбаларынын ишмердүүлүгүн дагы жогорулатуу жана экологиялык туруктуулукту камсыздоо үчүн биргелешкен аракеттерди күчөтүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу