Жаңылыктар

31.08.2025 17:58

   Кароолор: 249

ӨКМдин ТОКОЙ КЫЗМАТЫНА ЖАҢЫ АВТОУНААЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө улай Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Токой кызматы "Jak" үлгүсүндөгү 30 унаа тапшырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеев тапшырып, токойчулардын жумушу ары жоопкерчиликтүү, ары түйшүктүү экенин белгиледи. Жаңы техникалар токойчулардын ишин жеңилдетип, табиятты коргоо боюнча иштерди натыйжалуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.

Белгилей кетсек, өлкө аймагында 44 токой чарбасы жана 2,5 миллион гектар токой аянты бар. Акыркы жылдары ӨКМдин Токой кызматында өзгөрүүлөр орун алып, миллондогон жаш көчөттөрдү отургузуу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүп, токой аянтын көбөйтүү, коргоо аракеттерин көрүп келишет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу