Жаңылыктар
21.05.2025 18:21
Кароолор: 119
ӨКМдин ТОКОЙ КЫЗМАТЫ БИШКЕК–БАЛЫКЧЫ ЖОЛУНДАГЫ КӨЧӨТТӨРДҮН САРГАЮУСУ БОЮНЧА ПИКИРЛЕРГЕ ТАКТОО КИРГИЗЕТ
Бишкек–Балыкчы унаа жолунун жээгине отургузулган карагай көчөттөрүнүн саргайып, куурап баратканы тууралуу айрым маалымат каражаттарына тараган пикирлер боюнча ӨКМ төмөндөгүдөй тактоо киргизет:
КР Президенти Садыр Жапаров демилгелеген «Жашыл мурас» улуттук программасын ишке ашыруу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Токой кызматы өзүнүн ресурстарынан уруктарды өндүрүп, эгүү иштерин камсыздоо жана жергиликтүү бийликтин балансындагы такыр жерлерди жашылдандандырууга жардам көрсөтүү өнөктүгүн республика боюнча улантууда. Жалпы 2000 гектардан ашык токой массивдерин отургузуу пландалган.
Анын алкагында 2024-жылдын декабрь айында Балыкчы шаарынын кире беришине 500 даана карагай көчөтү отургузулган. Бул жер тилкеси Балыкчы шаардык мэриясына караштуу болгондуктан көзөмөлдөө иши жергиликтүү бийликке жүктөлгөн. Демек, атайы тескемеге ылайык мындан аркы сугаруу, өстүрүү иши жергиликтүү бийликтин милдети. Ошого карабай бүгүнкү күндө айрым соолуп калган карагайлар Балыкчы токой чарбасы тарабынан терек, жийде көчөттөрүнө алмаштырылууда.
Токой кызматы келечек муундар үчүн экологиялык жагымдуу чөйрөнү түзүүгө багытталган демилгелерди колдойт жана какыраган адырларды жашылдандыруу аракеттерин максатка ылайыктуу деп эсептейт.
Токойчулар көчөттөрдүн узак мөөнөттүү жашоосун камсыздоо максатында ар бир аймактын климаттык шартын жана жер кыртышын эске алганга аракет көрүлгөнүн билдирет!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР