Жаңылыктар
26.06.2025 17:47
Кароолор: 300
ӨКМдин ТОКМОК ШААРДЫК БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ КАРМАЛДЫ, ДЕГЕН МААЛЫМАТ ЧЫНДЫККА ДАЛ КЕЛБЕЙТ
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ӨКМдин Токмок шаардык бөлүмүнүн башчысы кармалды, деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирет.
Айрым Массалык маалымат каражаттары коррупцияга шектелип УКМК тарабынан камакка алынган Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев менен бирге ӨКМдин Токмок шаардык башкармалыгынын башчысы кармалды, деген маалымат тараткан.
Биринчиден, Токмок шаардык башкармалыгы эмес, ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Токмок шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү экенин жана учурда бөлүмдүн башчысы өз ордунда ишин улантып жаткандыгын, шаардагы курулуш иштерине ӨКМдин эч кандай тиешеси жок экенин билдиребиз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР