Жаңылыктар

29.07.2025 11:50

   Кароолор: 270

ӨКМдин СУУЧУЛДАРЫ ЫСЫК-КӨЛДӨН ТАРЫХЫЙ ТАБЫЛГАЛАРДЫ ТАБЫШТЫ

Суучулдар өткөн аптада көл түбүнөн торлорду тазалоо учурунда чопо идиштерди жана карапалардын сыныктарын табышты. Тагыраагы, ӨКМге караштуу Суучулдар кызматы өткөн аптада кезектеги тазалоо иштерине чыгышкан.

Аталган кызматтын башчысы, подполковник Сабыржан Аламановдун айтымында, торлорду тазалоо учурунда идиштер жана карапалардын сыныктары көлдүн 15-20 метр тереңинен табылган.

Ысык-Көл облусунда өткөн расмий иш-чаранын алкагында Суучулдар борборунун ишмердүүлүгүнөн кабар алган ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев нечен кылым мурунку табылгаларды тарыхый музейлерге өткөрүп берүүнү тапшырды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу