Жаңылыктар

05.10.2025 13:12

   Кароолор: 46

ӨКМдин СУУЧУЛДАРЫ 4 СААТТА 2000 метр УЗУНДУКТАГЫ ТОР ЧЫГАРЫШТЫ

Бүгүн, 5-октябрь күнү ӨКМдин суучулдары Ысык-Көл облусунун Тоң районунан 4 саатта 2000 метр узундуктагы синтетикалык тор чыгарышты. Буга чейин да суучулдары аба ырайынын туруксуздугуна карабай күн сайын тазалоону жигердүү жүргүзүп келишкен.

Белгилей кетсек, ӨКМдин суучулдары 2025-жылдан бүгүн күнгө чейин Ысык-Көлдөн жалпы 70 200 метр балык уулоочу тор жана 6 935 кг таштанды чыгарышкан. Бүгүн да эки топко бөлүнүп тазалоону активдүү жүргүзүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу