Жаңылыктар

03.03.2026 17:13

   Кароолор: 3

ӨКМдин QR-КОДУНА ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ... СИЗГЕ АБДАН ЫҢГАЙЛУУ. АЧЫК-АЙКЫН БИЛДИРИҢИЗ

Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жаңы байланыш системасы — QR-код аркылуу пикир калтыруу тартиби ишке киргизилди.

Эми жарандар министрликке өз пикирин тез, ыңгайлуу жана электрондук форматта калтыра алат.

Бул үчүн телефондун камерасын QR-кодго жакындатуу жетиштүү. Андан кийин пикир калтыруу тиркемеси ачылат да, бул жерге өзүңүздүн e-mail дарегиңизди киргизесиз.

Эгер каттооңуз жок болсо, каттоодон өтүшүңүз керек: аты-жөнүңүздү, e-mail дарегиңизди, телефон номериңизди, туулган күнүңүздү жана жынысыңызды көрсөтөсүз. Андан кийин “Катталуу” баскычын басып, почтага келген кодду тересиз жана пикир калтырууга өтөсүз.

Эгер каттоодон өтүүнү каалабасаңыз, анда Tүндүк тиркемеси аркылуу авторизациядан өтүп, QR-код сканерин иштетип кодду ачасыз.

Ачылган бөлүмдөн керектүү сапты тандап, пикир жөнөтсөңүз болот.

QR-пикир системасы – ачык жана заманбап мамлекеттик башкарууга жасалган кадам.

Ошондой эле министрликтин веб-сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде пикир калтыра алсыз:

https://egov.kg/kg/ministry/77

https://egov.kg/ru/ministry/77

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу