Жаңылыктар
20.02.2025 12:19
Кароолор: 118
ӨКМдин ӨЗДҮК КУРАМДАРЫ АРАСЫНДА ФУТЗАЛ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК МЕЛДЕШ ӨТҮҮДӨ
Бүгүн, 20-февралда Бишкек шаарында К.Кожомкул атындагы спорт сарайында жана Ош шаарындагы ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын базасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, аймактык, ведомствого караштуу бөлүктөр арасында футзал боюнча мелдештер өтүүдө.
ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен “23-феврал – Ата Мекенди коргоочулар” күнүнө карата өткөрүлүп жаткан турнир ӨКМдин өздүк курамынын ден соолугун чыңдоо, дене тарбиялык өнүгүүсүн арттыруу, спроттун ар кандай түрлөрү менен машыгуусун камсыздоо, кесиптик-прикладдык өнүгүүсүн жана күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу максатын көздөйт.
ӨКМдин Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Асановдун жетекчилигинде өтүп жаткан спорттук иш-чарага Бишкекте жалпы команда 10, Ош шаарында 11 команда күч сынашууда.
Таймаштын жыйынтыгында жеңүүчү командалар атайын сыйлыктарга ээ болушмакчы.
Белгилей кетсек, спорттук мелдештин жүрүшүндө коопсуздукту сактоонун бардык шарттары түзүлгөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР