Жаңылыктар

06.05.2024 21:01

   Кароолор: 66

ӨКМдин ОШ ШААРДЫК БАШКАРМАЛЫГЫ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ЖУМУШ АЛЫП БАРАТ

Бүгүн, 6-май күнү жааган жамгырга байланыштуу ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Тактап айтканда, башкармалыктын башчысы, майор Алтынбек Абылаевдин тапшырмасы менен Ошто сел кырсыгынын алдын алуу үчүн тиешелүү тапшырмалар коюлду.

Сел кооптуулугу бар аймактарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, башкармалыктын адистери жеринде көзөмөл жүргүзүп, Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте атайын шаймандарды даярдыкта кармап турушат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу