Жаңылыктар
15.06.2026 23:15
Кароолор: 231
ӨКМдин ӨРТКӨ КАРШЫ КЫЗМАТЫНЫН 100 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ
Бүгүн, 15-июнда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы кызматынын 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Ага Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, Өрткө каршы кызматынын ардагерлери, ӨКМ офицерлери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышып, 100 жыл толгон улуу жана тарыхый маанилүү датаны символикалуу белгилешти. Алар өрт өчүрүүчүлөрдүн бүгүнкү күндөгү элдин коопсуздугу жана адам өмүрүн сактоо жолундагы баа жеткис эрдигин, кесипкөйлүгүн жана жоопкерчилигин жогору баалашты.
Министр Канатбек Чыныбаев куттуктоо сөзүндө, өткөн жүз жылдын ичинде өрткө каршы кызмат чоң өнүгүү жолун басып өткөнүн, анын тарыхы — адамдардын өмүрүн сактап калуу, кырсыктардын алдын алуу жана элге ак ниет кызмат кылуунун тарыхы экенин белгиледи.
“Ардагерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирем. Сиздердин эмгегиңиздер, тажрыйбаңыздар жана кесибиңиздерге болгон берилгендигиңиздер менен заманбап өрткө каршы коопсуздук системасынын бекем пайдубалы түптөлдү. Бүгүнкү маараке — бул сыймыктануу менен катар келечекке коюлган милдеттерди да талкуулоого мүмкүнчүлүк”, - деди министр.
Иш-чаранын коноктору калк арасында коопсуздук маданиятын жогорулатуу маанилүү милдеттердин бири экенин белгилеп, бул жаатта ӨКМ өрт өчүрүүчүлөрү өз милдеттерин татыктуу жүргүзүп жатканына сыймыктанышты.