Жаңылыктар
02.06.2026 12:56
Кароолор: 164
ӨКМдин ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА СЫНОО ЛАБОРАТОРИЯСЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Окуу-изилдөө борборунда адамдардын коопсуздугу үчүн маанилүү болгон атайын изилдөөлөр жана сыноолор жүргүзүлөт.
Борбордун негизги багыттарынын бири — өрт коопсуздугу боюнча сыноо лабораториясы. Бул жерде курулуш материалдары, чатыр, кездемелер жана башка буюмдардын сапаты менен өрткө туруктуулугу текшерилет.
Атайын заманбап жабдыктардын жардамы менен материалдар жогорку температурада сыналат. Эксперттер алардын канчалык тез күйөрүн жана алардан уулуу заттарды бөлүп чыгаруусун аныкташат.
Мындай текшерүүлөр имараттардын жана объектилердин коопсуздугун камсыз кылууда чоң роль ойнойт. Анткени сапатсыз материалдар өрттүн тез жайылышына себеп болот.
Бул борбордон мамлекеттик мекемелер, жеке компаниялар жана каалаган жарандар өрт коопсуздугу жана жарандык коргонуу жаатында окуп, билим алышат.
Материалдарын атайын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүп, расмий корутунду да ала алышат.
Мындан тышкары, бул жерде өрт коопсуздугу боюнча адистер дагы даярдалат.
Жарандар теориялык билим алып эле тим болбостон, практикалык машыгуулардан дагы өтүшөт.
Окууну ийгиликтүү аяктагандарга сертификат тапшырылат.
Белгилей кетсек, мындай окуу-изилдөө борбору жана сыноо лабораториясы Кыргызстан боюнча ушул жерде гана бар.
Бул борбордун негизги максаты — өрт коопсуздугун күчөтүү жана адамдардын өмүрүн сактоого багытталган.