Жаңылыктар

01.06.2025 10:13

   Кароолор: 145

ӨКМдин ОКУУ-ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУ БАЛДАРГА МАЙРАМДЫК МААНАЙ ТАРТУУЛАДЫ

"1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө” карата КР ӨКМге караштуу Окуу-изилдөө борборунун жетекчиси Ирина Яшинанын жетекчилиги алдында өздүк курам наристелер үчүн майрамдык иш-чара уюштурду.

Анын жүрүшүндө балдарга оюн-зоок, ар түрдүү спорттук мелдеш-жарыштар өткөрүлүп, жыйынтыгында балдарга балмуздак жана башка таттуулар, суусундуктар, кызыктыруучу белектер таратылды.

Мындан тышкары концерттик программалар коштолуп, мультфильм, жомоктордун каармандары балдардын көңүлүн ачып, шаңга бөлөштү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу