Жаңылыктар

16.05.2025 11:40

   Кароолор: 45

ӨКМдин МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗАСЫ ДАГЫ БИР ИРЕТ ЖАҢЫЛАНДЫ

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык базасы дагы бир ирет жаңыланды. Министр, генерал-майор Бообек Ажикеев баш болгон мекеме жетекчилери жана куткаруучулардын катышуусунда кезектеги салтанаттуу азем уюштурулуп, ачкычтары расмий тапшырылды.

Тактап айтсак, министрликке караган мекеме, түзүмдүк бөлүктөр жана башкармалыктарга жалпысынан 12 унаа: Chevrolet Cobalt - 6 даана, Chevrolet Tracker - 1 даана, Toyota Land Cruiser (пикап) - 1 даана, Toyota Land Cruiser – 1 даана, JAC T6 – 2 даана JAC T8 – 1 даана тапшырылды. Муну менен катар ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгына куткаруучулар үчүн атайы жабдуулар берилди. Алынган унаалардын көбү республикалык бюджеттен каржыланса, айрымдары эл аралык донорлор тарабынан берилген.

Генерал-майор Бообек Ажикеев өзүнүн сөзүндө, акыркы жылдары калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо багытында бир топ ийгиликтер жана жетишкендиктер жаралып жатканын белгилеп, буга өлкө жетекчилигинин колдоосу чоң экенин айтты.

“ӨКМдин техникалык базасын жаңылоодо өнөктөш донорлорду тартуу менен бир топ заманбап техникалар, шаймандар, тик учактар жана жабдыктарды кайтарымсыз негизде алуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Мындай аракеттер министрликтин потенциалын көтөрүү жана биздин кызматкерлердин ишин жеңилдетүү максатында жасалууда ”, - деп белгилеген министр муну менен эле токтоп калбастан, дагы далай алгылыктуу иштер улантыла берерин кошумчалады.

Жаңы алынган техникалар, жабдуулар калктын коопсуздугун камсыз кылууга жана куткаруучулардын ишин жеңилдетүүгө өбөлгө түзмөкчү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу