Жаңылыктар
15.03.2025 10:31
Кароолор: 1185
ӨКМдин МАСШТАБДУУ МАШЫГУУСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
12-марттан 14-мартка чейин Республикалык команда-штабдык машыгуу Чуй облусунун Токмок шаарында жыйынтыкталды. Бул масштабдуу машыгуу Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин буйругунун негизинде өткөрүлдү. Аталган иш чарага Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Самат Исманов, облустагы Жарандык коргонуунун атайын түзүмдөрү, куткаруучулар катышты.
ӨКМдин жыл башындагы алгачкы масштабдуу машыгуусунда мүмкүн болуучу табигый кырсыктардын алдын алууга, Жарандык коргонуу кызматтарынын күч жана каражаттарын даярдык абалда кармоо жана түзүлгөн кырдаалга туура анализ жүргүзүү менен учурунда коюлган тапшырмаларды так аткаруу маселелери каралды. Анын нгегизинде сел суусу өтүүчү канал жана сайларды тазалоо жумушу Чүйдүн 8 районунда аймактардагы жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жүргүзүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР