Жаңылыктар
06.03.2024 15:06
Кароолор: 779
ӨКМдин КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ТҮРК ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮДӨ
Министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов атайы сертификаттарды тапшырды.
Бүгүн, 6-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында түрк тилинин баштапкы “А2” деңгээлин ийгиликтүү аяктаган мамлекеттик жана аскер кызматкерлерине сертификаттар тапшырылды.
Расмий тапшыруу аземине министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, “TTEOMER” окуу борборунун директору Булут Мустафа, “TTEOMER” директорунун жардамчысы Юнус Карадайи, түрк тили боюнча мугалими Али Бей жана ӨКМдин кызматкерлер катышты.
Азамат Мамбетов аталган окуу борборунун өкүлдөрүнө тыгыз кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирип, министрлик түрк боордоштордун мындай долбоорлорун колдоого ар дайым даяр экенин белгиледи.
Ошол эле учурда “TTEOMER” түрк тилин окутуу борборунун директору Булут Мустафа Өзгөчө кырдааалдар министрлиги кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатууда тил үйрөнүүгө шарт түзүп берип жатканын жогору баалай тургандыгын билдирип, кызматташтык мындан ары да уланарына ишеним артты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР