Жаңылыктар

14.09.2024 09:05

   Кароолор: 1050

ӨКМдин КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИШЕМБИЛИКТЕ

Бүгүн, 14-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын, Бишкек шаары, Чүй облусу боюнча башкармалыктарынын жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун кызматкерлери Бишкекте Жаш Гвардия бульвары көчөсүнөн айланма жолунун “Дордой” базарына чейинки жээктерин тазалоо ишембилигин башташты. Мындан тышкары, республика боюнча министрликтин бардык аймактык бөлүктөрүнүн, облустук жана шаардык башкармалыктарынын жамааты ишембиликтин алкагында, тазалоо жумуштарына чыгууда.

Белгилей кетсек, ишембилик КР Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу