Жаңылыктар
07.03.2024 16:16
Кароолор: 392
ӨКМдин КЫЗМАТКЕРИ КОМБАТ ЖИУ-ЖИТСУ БОЮНЧА КҮМҮШ МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ
2024-жылдын 27-29-февраль күндөрү, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында "Комбат жиу-житсу" боюнча өткөн республикалык чемпионатта ӨКМдин Балыкчы шаары боюнча № 19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн бөлүмчө командири Акжолтой Кубанычбеков күмүш медаль тагынды.
Мелдешке өлкөнүн аймактарынан 100дөн ашуун спортчу катышып, ӨКМдин куткаруучусу абсалюттук салмак категориясында күч сынап, жыйынтыгында 2-орунду камсыздады.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР