Жаңылыктар
17.06.2025 16:44
Кароолор: 243
ӨКМдин КУТКАРУУЧУСУ ЭЛ АРАЛЫК ВОРКАУТ МЕЛДЕШИНДЕ 4-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
2025-жылдын 15-июнунда Өзбекстандын Андижан шаарында өткөн эл аралык воркаут мелдешинде ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын улук куткаруучусу, кенже сержант Руслан Жантороев татыктуу ийгиликке жетишти. Ал жалпы 24 спортчу катышкан турнирде 4-орунду ээледи.
Мелдешке Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын мыкты спортчулары катышып, күч сынашты.
Белгилей кетсек, ал 2024-жылы Ош шаарында өткөн республикалык воркаут турниринде 1-орунду ээлеген. Анын спортко болгон кызыгуусу, талыкпас эмгеги жана демилгелүү аракети жаштарга мыкты үлгү болууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы кенже сержант Руслан Жантороевди жетишкен ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктап, ага мындан аркы спорттук жана кызматтык жолунда дагы жаңы бийиктиктерди багынта беришин каалайт!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР