Жаңылыктар

29.03.2025 17:55

   Кароолор: 82

ӨКМдин КУТКАРУУЧУЛАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨГӨ КЫРДААЛДАРГА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

28-март күнү Казакстандын аймагында катталган жер титирөөгө байланыштуу жыйын өткөрүлүп анда коюлган тапшырманы аткаруу максатында өздүк курамга “Айгай” жарыяланган.

ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отряды жана Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун өздүк курамы күчөтүлгөн даярдык режимине өткөрүлүп, жалпы биригип 300 өздүк курам, 30 бирдик техникадан турган керектелүүчү куткаруучу каражаттары менен камсыздалган жана эшалондор жогорку деңгээлдеги даярдыкка келтирилген.

Жыйында коюлган тапшырманын негизинде өзгөчө кырдаал катталган аймактарда, жабыркаган жарандарга ыкчам жардам көрсөтүү, авариялык-куткаруу ошондой эле кечиктирилгис иш-чараларды убагында ыкчам аткарууга даярдыгын көрсөтүштү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу