Жаңылыктар
13.08.2026 01:28
Кароолор: 1
ӨКМдин КУТКАРУУЧУЛАРДЫ ДАЯРДООЧУ МАМЛЕКЕТТИК БОРБОРУНДА КУТКАРУУЧУЛАР АРАСЫНДА МЕЛДЕШ ӨТТҮ
Бүгүн, 12-август күнү Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмазбек Асановдун катышуусунда Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда Тоо-Кен компанияларынын ортосунда куткаруучулардын мелдеши болуп өттү.
Министрдин орун басары куткаруучу болуу - бул жөн гана кесип эмес экенин белгилеп, бул - чоң жоопкерчилик, кайраттуулук жана эң негизгиси, адам өмүрүн сактоого жан үрөгөн эрдик экенин айтып, күч сынашкан куткаруучуларга ийгилик каалады.
Мелдеш жалпысынан 5 этаптан өтүп, анда “Кумтөр Голд Компани” ЖАК, “Альянс Алтын” компаниясынын куткаруучулары кесиптик чеберчиликтерин көрсөтүп, аталган борбордун машыгуу талаасында күч сынашты.
Жыйынтыгында байгелүү орундарга ээ болгон командалар кубок, медаль жана куткаруучуларга арналган атайы шаймандар менен сыйланышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ