Жаңылыктар
15.05.2026 19:05
Кароолор: 101
ӨКМдин КУТКАРУУЧУЛАРДЫ ДАЯРДООЧУ МАМЛЕКЕТТИК БОРБОРУНДА "АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ" ӨТКӨРҮЛДҮ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда “Ачык эшик күнү” уюштурулуп, Москва районунун Беловодск айылындагы №28 Кыргыз-Орус кесиптик лицейинин окуучулары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар куткаруучулардын күнүмдүк ишмердүүлүгү менен таанышып, куткаруу шаймандары жана аларды колдонуу ыкмалары тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле курал-жарактар көрсөтүлүп, бийиктиктен түшүү боюнча практикалык сабактар уюштурулду.
Мындай иш-чаралар жаштардын мекенге болгон сүйүүсүн арттырып, патриоттук сезимин бекемдөө менен бирге куткаруучу кесипке болгон кызыгуусун жогорулатууга чоң өбөлгө түзөт.