Жаңылыктар

14.06.2024 13:08

   Кароолор: 793

ӨКМдин КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДА БАШКАРУУ БОРБОРУНА БЕЛАРУСИЯЛЫКТАР КЕЛИШТИ

КР ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы, подполковник Азиз Эгембердиев бүгүн, 14-июнда Беларусь Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзгөчө кырдаалдарды башкаруу борборунун жетекчиси

Дмитрий Саковичти, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авариялык-куткаруу кызматтары жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү башкармалыгынын башкы адиси Александр Тимошковду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азиз Эгембердиев борбордун ишмердүүлүгүнө, кризистик кырдаал жаралганда аткарчу иштери жана өлкө аймагындагы маалыматтарды кабыл алуу системасы менен тааныштырды. Ошондой эле борбордун издеп-куткаруу иштериндеги, өзгөчө кырдаалдарды элге маалымдоодогу ийгиликтерине да токтолуп өттү.

Табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында эки тараптуу кызматташууну, келечекте адистердин тажрыйба алмашуусун талкуулашты.

Тараптар кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендигин билдиришти. Беларусиялык өкүлдөр өзгөчө кырдаалдарга натыйжалуу жооп кайтаруу үчүн эл аралык кызматташтыктын жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүнө кеңири токтолушту.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу