Жаңылыктар
21.12.2023 15:44
Кароолор: 1475
ӨКМдин КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДА БАШКАРУУ БОРБОРУ ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ
Үстүбүздөгү жылдын 21-декабрында Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун катышуусунда Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун узап бара жаткан жылы аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.
Алгач сөз алган Азамат Мамбетов борбордун ишмердүүлүгүн чыңдоону, ар кандай өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда заман талабына ылайык көндүмдөрдөн артта калбоого токтолду. Ошондой эле министрликтеги өздүк курамдын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча артыкчылыктуу багыттары аталган борборго да тиешелүү экенин баса белгиледи. Келерки 2024-жылы бул кызматты мындан ар да өнүктүрүү багыттарын сунуштады.
Андан соң Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы, подполковник Азис Эгембердиев жыл ичиндеги аткарылган иш-аракеттери жана жетишкендиктери туурасында баяндама жасады.
Анын айтымында, табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу, куткаруу жана издөө иштеринде заманбап жаңы технологиялар, аралыктан тартуучу адистештирилген техникалар менен толукталганын баса белгиледи. Ошондой эле жарандардын коопсуздук эрежелерин камтыган замандын талабына ылайык уюлдук телефон аркылуу маалымат алуу үчүн “QR” коддор иштелип чыгып, элдин колдонуусуна сунушталган.
Аталган мекеменин өздүк курамынын кесипкөйлүгүн арттыруу үчүн интерактивдүү класстар ачылып, психологиялык курс өткөрүлүп, англис жана түрк тилдерин окутуудан тарта эс алуу үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Соңунда борбордун жетекчиси 2024-жылга мерчемделген иш-чараларын, санариптештирүү жаатында иштерди жүргүзүү оюн билдирди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР