Жаңылыктар

24.12.2024 14:25

   Кароолор: 854

ӨКМдин ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

ӨКМдин борбордук аппаратында Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун жетекчилиги алдында министрликтин Илимий-техникалык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Ага аталган кеңештин мүчөлөрү жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында негизги маселелердин бири болуп мамлекеттик программалардын алкагында жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн, ал аралык долбоорлорду ишке ашыруунун жыйыктары талкууланды.

Ошондой эле эл аралык уюмдар менен кызматташуунун алкагында ишке ашырылган долбоорлордун жыйынтыктары боюнча докладдар угулуп, кырсыктарга мониторинг жүргүзүү системасында локалдуу INFORM индексинин тобокелдигин баалоо ыкмасын пилоттук жайылтуунун жана жергиликтүү деңгээлде климаттык тобокелдиктердин алдын алуу методикаларынын жыйынтыктары жөнүндө сөз болду.

Мындан тышкары ӨКМдин 2023-2024-жылдарга мамлекеттик буйрутма боюнча аткарылган илимий изилдөөнүн жыйынтыктары жана долбоорлору тууралуу ойлорун ортого салышты. А.Адышев атындагы Ош технологиялык университети тарабынан сунушталган дарыялардын нугунан кум-шагыл материалдарын казып алуунун таасирлерин изилдөөгө өзгөчө көңүл бурушту.

2025-жылга КР Билим берүү жана илим министрлиги үчүн илимий-изилдөө иштерине билдирме каралды.

Жыйындын акырында өзгөчө кырдаалдарды жана тобокелдиктерди башкаруу тармагындагы илим жана технологияларды мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле климаттык тобокелдиктерди баалоо жана ага мониторинг жүргүзүү, жаратылыш ресурстарын сактоо, калктын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча ӨКМдин иш аракеттеринин эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган чечимдер кабыл алынды.

КР ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу