Жаңылыктар
22.08.2024 10:24
Кароолор: 212
ӨКМдин ЭСКЕРТҮҮЛӨРҮ МЕНЕН ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТЫН АЛДЫН АЛЫНДЫ
ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкерлери өлкө аймактарындагы ар кандай табигый техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана мониторинг үзгүлтүксүз жүргүзүп турат .
Ар жылы июль айынан баштап сентябрь айына чейин бийик тоолу көлдөргө мониторинг жүргүзүлөт. Ага космостук көзөмөл, жеринде изилдөө илимий институтаттар менен иштешуу камтылат.
2024-жылы БУУнун өнүктүрүү программасынын алкагында тоолу көлдөргө мониторинг жургузуу маалыматтык системасы иштелип чыгып, анын негизинде космостон көзөмөлдөнөт.
Ал эми жериндеги изилдөөгө батиметриялык ченемдер, визуалдык байкоо иштерин камтылып, илимий институттар менен мааламыт алмашуу иштери да жүргүзүлөт.
Мониторинг департаменти тарабынан бийик тоо көлдөрүн такай көзөмөлдөө учурунда Тоң районундагы I категориядагы Зындан көлүндө 2023-жылга салыштырмалуу суунун көлөмү көбөйүп, акыркы айда күндөн күнгө көбөйүп жаткандыгы спутниктен алынган маалыматтан белгилүү болгон.
Атайы эсептөөлөрдү жүргүзгөн департаменттин адистери Тоң райодук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлерин жана тиешелүү кызматтарга көлдүн жарылуу коркунучу бар экендиги алдын ала эки жума мурун кабарланып, ал эми көлдүн жырылуу кооптулугу 19-август кошумча эскертилген. Ошондой эле сел жүрүшү мүмкүн болгон аймакта селдин багыты моделдештирилип берилген .
Алдын ала берилген маалыматтарды жана селдин жүрүү моделин эске алуу менен Тоң району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери, Жарандык коргонуу кызматтары менен бирге Туура-Суу жана Рыбзавод айылдарында жана Тоңдун ичи тилкесинен жалпы 490 адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлүп, жерине инженердик техникалар нөөмөткө коюлду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР