Жаңылыктар
27.03.2025 14:35
Кароолор: 279
ӨКМдин ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР МЕНЕН КООРДИНАЦИЯЛЫК ЖОЛУГУШУУСУ ЖАНА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРГА ЖООП КАЙТАРУУНУ КООРДИНАЦИЯЛОО БОЮНЧА ТОПТУН ЖЫЙЫНЫ (ӨКЖКТ) БОЛУП ӨТТҮ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кечээ, 26-мартта министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун жетекчилигинде эки иш-чара: Эл аралык уюмдардын координациялык жолугушуусу жана Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо боюнча топтун (ӨКЖКТ) жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага БУУнун Кыргызстандагы системалык координатору, ӨКЖКТтүн тең төрагасы Аньте Грави, БУУнун Өнүктүрүү программасы, Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), ЮНИСЕФ, GIZ, ЕККУ, Кызыл жарым ай улуттук коомчулугунун өкүлдөрү жана башка уюмдар катышты.
Азамат Мамбетов өз сөзүндө дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсү жана өзгөчө кырдаалдардын саны көбөйүп жаткан шартта эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташуунун мааниси чоң экенин айтып, өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.
Ал узак мөөнөттүү өнүгүү келечеги алкагында 2025-жылдын 11-апрелинде “Климаттык мүнөздөгү табигый кырсыктарга мониторинг жана болжолдоо” темасында эл аралык илимий-практикалык конференция өтө турганын маалымдап, координациялык топтун мүчөлөрүн ага катышууга чакырды. Бул иш-чара жаратылыш апааттарына мониторинг жүргүзүү жана алдын ала эскертүү системаларын жакшыртуу, ага карата кийинки кадамдарды кабыл алууга багытталат.
Өз кезегинде Антье Грави айым Кыргызстанда өткөн жылы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатында биргеликте ишке ашырылган маанилүү долбоорлорду белгилеп, 2025-жылга коюлган пландар боюнча тыгыз кызматташууну колдоорун билдирди.
Мындан тышкары жолугушууда ӨКМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Канат Карыбай уулу 2024-жылдагы эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктары, өзгөчө кырдаалдар боюнча статистикалык маалыматтар менен тааныштырды жана ошондой эле келечектеги кызматташууга приоритеттүү багыттар боюнча “Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюунун натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу” комплекстүү долбоорун сунуштап, бир нече негизги багыттарга токтолду.
Жыйынтыгында координациялык топтун мүчөлөрү кыргыз тараптын сунуштарын ар дайым колдоого аларын, мындан ары да элдин, өлкөнүн бейпилчилиги үчүн кызматташууга даяр экенин, буга чейинки жана келчектеги ар тараптуу макулдашуу долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдарлыгын бөлүшүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР