Жаңылыктар
14.06.2026 12:00
Кароолор: 24
ӨКМдин “ЭДЕЛЬВЕЙС” ТОО КУТКАРУУ КОШУУНУ - ТООДОГУ КООПСУЗДУКТУН КЕПИЛДИГИ
Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Эдельвейс” тоо куткаруу кошууну күнү-түнү кызмат өтөйт.
Тоо куткаруучулары ар кандай өзгөчө кырдаалдарга даяр болуп, тоолуу аймактарда кырсыкка кабылган, жаракат алган же жардамга муктаж болгон жарандарга ыкчам жардам көрсөтүшөт.
Аба ырайынын татаал шарттарына, бийик тоолуу аймактарга жана кооптуу кырдаалдарга карабай, “Эдельвейс” куткаруучулары адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн ар дайым даярдыкта турушат.
Алар издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп, зарыл болгон учурда жабыркагандарды коопсуз жайга жеткирүү жана биринчи жардам көрсөтүү иштерин аткарышат.
Негизги максат - тоого чыккан жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жардам берүү.
Урматтуу жарандар!
Тоолуу аймактарга чыгууда коопсуздук эрежелерин сактаңыздар.
Кырсыкка кабылсаңыз, 112 номерине кайрылыңыздар!
“Эдельвейс” - сиздердин коопсуздугуңуздар үчүн күнү-түнү кызматта!