Жаңылыктар

22.02.2024 15:27

   Кароолор: 197

ӨКМдин ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН КЫШЫ КАТААЛ АЙМАКТА ЖЕМ-ЧӨП КОРУ ДАЯРДАЛДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги акыркы күндөрдөгү аба ырайынын кескин өзгөрүүсүн, кардын калың түшүүсүн эрте божомолдоп, кышы катаал аймакта мал жутчулугунун алдын алуу үчүн жем-чөптүн корун топтоо демилгесин көтөрүп, эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Мындан улам 22-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы кыш мезгилинде тоют тартыштыгын жөнгө салууга багытталган алгачкы пилоттук долбоорун Нарын облусунан баштады.

Долбоордун алкагында Нарын жана Ат-Башы райондорунда кургак чөптүн жана жемдин кору камдалууда. Даярдалган тоюттар аталган райондордо малдын жутчулугу же ар кандай өзгөчө кырдаал катталган учурда тургундарга, малчыларга берилет. Бирок тоютту алган тарапка кийинки жылы кайтарып берүү талабы коюлат.

Программанын алкагында Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагына караштуу Өзгөрүш айылынын кампасына – 74 тонна жем, 77 тонна чөп түшүрүлдү. Ал эми Нарын районунун Эмгекчил айылына 40 тоннадан жем-чөп кору даярдалды.

Аталган иш-чарага Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү, Ат-Башы, Нарын райондорунун мамлекеттик администрациясынын жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери, айыл тургундары катышышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу