Жаңылыктар

27.02.2024 16:52

   Кароолор: 557

ӨКМдин ЧҮЙ БООРУНДАГЫ КУТКАРУУЧУЛАРДЫН ШАЙМАНДАРЫ ЖАҢЫРДЫ

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгы, Токмок шаардык жана башка райондорундагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү 9 888 000 сомдон ашуун суммага атайын багыттагы жабдууларды алышты.

Автоунаа, техникалар жана куткаруучу жабдууларды өткөрүп берүү аземи Кант шаарындагы Ысык-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө өтүп, ага ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев, министрдин орун басары Урматбек Шамырканов, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев катышты.

Куткаруучуларга "Нива" унаасы, мобилдик жылытуу казандары, үйлөмө кайыктар, авариялык жарыктандыруу үчүн жабдуулар, куткаруучунун чыптамалары, суучулдардын комплекттери, байланыш каражаттары, компьютердик техника жана башка бир катар жабдуулар берилди.

Жабдуулар атайын долбоордун алкагында Чүй облусун жана райондорун өнүктүрүү фонддорунун эсептеринен, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка алынган.

“Алынган ар бир жабдуу өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюудагы милдеттерди ийгиликтүү аткарууда. Бул жабдуулар ӨКМдин жергиликтүү кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун кыйла жогорулатып, жарандардын өмүрүн сактоого жана кырсыктардын алдын алууга өбөлгө түзөт”, - деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев.

Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиевге министрликтин "Өзгөчө кырдаалды жоюуга кошкон салымы үчүн" медалын тапшырды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу