Жаңылыктар

22.08.2025 16:24

   Кароолор: 311

ӨКМдин ЧҮЙ, БИШКЕК БАШКАРМАЛЫКТАРЫ ЖАНА КУТКАРУУЧУЛАРДЫ ДАЯРДООЧУ МАМЛЕКЕТТИК БОРБОРУ МЕНЕН БИРГЕЛЕШКЕН АТАЙЫН-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 22-августта Чүй облусунун Токмок шаарындагы “Аю-Фарм” ишканасынын аймагында ӨКМдин Чүй облусу боюнча, Бишкек шаардык башкармалыктарынын жана Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун өздүк курамдарынын катышуусунда биргелешкен атайын-тактикалык машыгуу өтүүдө.

“Жер титирөө катталган учурда жабыр тарткан жарандарга ар тараптуу жардам көрсөтүү боюнча өздүк курамдын иш-аракеттери” деп аталган пландан тышкаркы бул машыгуу офицерлердин, куткаруучулардын кырсык учурунда көрүлүүчү алгачкы аракеттерин, тактикалык ыкмаларын жана күжүрмөн даярдыктарын чыңдоо максатында өткөрүлүп жатат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу