Жаңылыктар

23.08.2023 17:58

   Кароолор: 845177

ӨКМдин чатырларында чек арада кезек күткөн айдоочулар, жүргүнчүлөр тамактанышат

Кыргыз – казак чек араларында жайгашкан “Ак-Тилек” жана “Чалдыбар” өткөрүү пункттарынын аймагында кезекте турган жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн үстүбүздөгү жылдын 22-августунан тартып абал турукташканга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын адистери чатыр тигишти.

ӨКМдин чатырында Ысык-Ата районунун Бирдик, Ак-Кудук айыл өкмөттөрү айдоочуларга чай берип, тамактандыршат. Ал эми Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынан жол кыймылын көзөмөлдөө жана коомдук тартипти сактоо, Чүй облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору кезекте тургандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн чатырларын биринде “Тез жардам” кызматынын нөөмөтү уюштурулган. Буга кошумча Кең-Булуң айылынын тушундагы айланма жолго да чатыр тигилүүдө.

Ошондой эле Панфилов районундагы “Чалдыбар” өткөрүү пунктунда 22-августта Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү 10 орундуу 2 чатыр тигип, куткаруучулар нөөмөтүн уюштурушту.

Белгилей кетсек, 22-августтан тарта коңшу өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жүргүзгөн иш-чараларына байланыштуу Кыргыз Республикасынан Казакстандын аймагына чыгуу үчүн жалпысынан 400дөн ашуун оор жүк ташуучу унаа топтолгон.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР