Жаңылыктар

04.12.2023 11:53

   Кароолор: 702

ӨКМдин БОРБОРДУК АППАРАТЫНДА “МАНАС” ЭПОСУ ЖАҢЫРДЫ

4-декабрь – “Манас” күнү

 

ӨКМдин БОРБОРДУК АППАРАТЫНДА “МАНАС” ЭПОСУ ЖАҢЫРДЫ

 

4-декабрь – “Манас” күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Борбордук апаратында тигилген боз үйүндө министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин демилгеси менен манасчылардын добушу жаңырды. Жаш манасчылар Абил Шералиевдин, Улукмырза Эркинбековдун таң эрте айткан манасы ӨКМдин куткаруучуларына бир эсе таңкы маанай тартууласа, бир жагынан эпосту жайылтуу, андагы баатырдыкты, айкөлдүктү даңазалоо болду.

"Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги дүйнө эпосторунун сап башында туруп, Саякбай Каралаевдин варианты 500 553 сапты өзүнө камтыган. "Манас" эпосундай көлөмдүү чыгарма дүйнөдө жок. Тактап айтканда, "Манас" көлөмү жагынан гректердин "Илиада" менен "Одиссеясынан" 20 эсе, парсы элдеринин "Шахнамесинен" 5 эсе, индиялыктардын "Махабхаратасынан" 2,5 эсе көптүк кылат. Дүйнөдөгү бардык эпосторду чогултуп келгенде да, бир эле Саякбай Каралаевдин айткан вариантынын көлөмүнө жетпейт. Дал ушул улут сыймыгы болгон "Манас" эпосунда кыргыз журтчулугунун элдүүлүгү, биримдиги, ынтымактуулугу, курама жыйып журт кылгандыгы ал тургай, жаратылыш менен таттуу мамиледе болгондугу, көчмөн турмушу кеңири баяндалат.

Биз руханий баалуулулугубузду, тилибизди, дилибизди ал тургай байыркы жер-суунун аттарын да эпостон таба алабыз. Манаска сүңгүп кирсек, кыргыздар кайсыл элдер менен камыр-жумур мамиледе болуп, канаатташ жашаганы, көөнө тарыхы, кылымдардан кылымдарга өтүп келген каада-салты ал тургай психологиясы, философиясы таасын чагылдырылган.

Эске салсак, “Манас” күнү Кыргызстанда жыл сайын 4-декабрь күнү белгиленет. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси жана парламенттин сунушу менен 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтому менен бекитилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу