Жаңылыктар

13.03.2026 14:27

   Кароолор: 14

ӨКМдин БИШКЕК ЖАНА ЧҮЙ БАШКАРМАЛЫКТАРЫНЫН КАРООЛ БАШЧЫЛАРЫН ОКУТУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыктарынын кароол башчылары үчүн авариялык куткаруу, өрт өчүрүү иштерин уюштуруу жана жетекчилик кылуу боюнча атайын окутуу өз ишин жыйынтыктады.

ӨКМ жетекчилигинин тапшырмасы менен башталган окутуунун негизги максаты – өзгөчө кырдаалдарда жана өрт кырсыктарында куткаруучулардын кесиптик даярдыгын жана мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу.

Кароол башчылары окутуунун жүрүшүндө кесипкөйлүгүн арттырып, авариялык куткаруу жана өрт өчүрүү иштерин натыйжалуу жүргүзүү үчүн зарыл болгон теоретикалык жана практикалык билимдерди алышты, ошондой эле дистанттык окутуу системасы боюнча зачет тапшырышты. Жыйынтыгында алар квалификациясынын жогорулагандыгы тууралуу серттификаттарга ээ болду.

Белгилей кетсек, аталаган окутуу 2026-жылдын 2-мартында башталган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу