Жаңылыктар
25.10.2023 12:23
Кароолор: 463
ӨКМдин БАШЧЫСЫНЫН ТАПШЫРМАСЫ МЕНЕН ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТОО ЭСКЕРТИЛҮҮДӨ
Кыш мезгили жакындаган сайын үйлөрдө, мекемелерде өрт чыгып, материалдык чыгымдарга тушуккандар жана жабыркагандар көп кездешет. Анын себеби, жашоочулар, мекемелерде иштегендер өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан, тилсиз жоого кабылышат.
Мындай кырсыктардын алдын алууну, адам өмүрүн биринчи орунга коюуну ӨКМдин өздүк курамына министр, генерал-майор Бообек Ажикеев ар дайым эскертип келет.
Андыктан министрликтин башчысынын тапшырмасы менен өлкө аймагында өрт кырсыгынын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Алардын бири ӨКМдин Нарын башкармалыгына караштуу Кочкор району боюнча ӨКБнүн өздүк курамы тарабынан 24-октябрда район аймагында турак үйлөрдө, калк көп чогулуучу соода түйүндөрүндө эрежелерди сактоо эскертилди.
Кышкы өрт кооптуулугу жогору болгон мезгилде өрт кырсыктарын алдын алуу, адам өлүмүн болтурбоо максатында калкка тынымсыз түшүндүү иштери жүргүзүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР