Жаңылыктар
21.10.2025 09:04
Кароолор: 259
ӨКМдин АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫКТАРЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ДРОНДОР МЕНЕН ИШТӨӨНҮ ҮЙРӨНҮҮДӨ
ӨКМ 2025-жылдын 20-октябрынан 24-октябрына чейин аймактык башкармалыктардын дрон менен иштеген кызматкерлери үчүн атайын окутуусун баштады.
Иш-чаранын максаты – заманбап технологияларды өздөштүрүү жана издөө-куткаруу иштеринде дрондорду натыйжалуу пайдалануу, жөндөмдөрүн жогорулатуу.
ӨКМ куткаруучулары дрон аркылуу кырсыктарды көзөмөлдөө, жоголгон адамдарды издөө жана абадан маалымат чогултуу ыкмалары менен таанышты.
Мындай иш-чаралар куткаруучулардын кесипкөйлүгүн арттырып, ыкчам аракет көрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР