Жаңылыктар

01.12.2023 12:18

   Кароолор: 553

ӨКМдин АДИСТЕРИ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТООНУ БИР АЙ ҮГҮТТӨШӨТ

Бүгүн, 1-декабрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигине караштуу Өрт өчүрүү жана алдын алуу, ошондой эле Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруучу адистери борбор калаанын эл көп чогулуучу жайларында өрт коопсуздук эрежелерин сактоону, тилсиз жоонун алдын алууну түшүндүрүү иштерин уюштурушту.

Алар өрт чыкканда жана табигый кырдаал жаралганда өзүн жана жакындарын коопсуз алып жүрүүнү, жабыркагандарга алгачкы жардамдарды көрсөтүү, мобилдик тиркемелер аркылуу жардам чакыруу эрежелерин шаар көчөлөрүндө ӨКМ адистери үгүттөөчү унаалардын үн күчөткүчтөрү аркылуу түшүндүрүп жана шаар тургундарына нускама баракчаларын таркатышууда.

Мындай агитациялык-пропагандалоо иш-чарасы кыштын алгачкы айынын акырына чейин ар бир жума күндөрү борбордун жаңы конуштарында, мечиттерде жана базарларда жүрүп турмакчы.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу