Жаңылыктар
03.08.2026 12:35
Кароолор: 36
ӨКМдин «АЧЫК КАБИНЕТ: ЖООПКЕРЧИЛИК АЙМАГЫ» ДОЛБООРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ БОЛУШУНА САЛЫМ КОШКОНДОР СЫЙЛАНДЫ
«Ачык кабинет: Жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мамлекеттик органдардын арасында биринчи орунду ээледи
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев министрликтин ишмердүүлүгүн калыс жана ар тараптуу чагылдырууга олуттуу салым кошкон журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады.
Сыйлоо аземинде министр жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кесипкөйлүгү, ыкчамдыгы жана куткаруучулардын, өрт өчүрүүчүлөрдүн жана ӨКМ кызматкерлеринин күнүмдүк ишин кеңири чагылдырганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал журналисттер менен ачык кызматташтык коомчулукка министрликтин кызматкерлеринин күнүмдүк эмгегин көрсөтүп, мамлекеттик кызматка болгон элдин ишенимин арттырарын белгиледи.
Канатбек Чыныбаев белгилегендей, натыйжалуу маалыматтык саясаттын жана министрликтин ишмердүүлүгүн кеңири чагылдыруунун аркасында «Ачык кабинет: Жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мамлекеттик органдардын арасында биринчи орунду ээледи.
«Бул жеңиш – ӨКМ кызматкерлери менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн биргелешкен эмгегинин жыйынтыгы. Биздин ишмердүүлүктү ак ниет жана калыс чагылдырган, куткаруучулардын адамдардын өмүрүн жана коопсуздугун сактоодогу аракеттерин элге жеткирген ар бир журналистке терең ыраазычылык билдирем», – деп белгиледи министр.
Иш-чаранын соңунда министрликтин ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын, айкындуулугун камсыздоого жана аны объективдүү чагылдырууга кошкон салымы үчүн журналисттерге ыраазычылык каттар, ардак грамота жана медалдар тапшырылды.
Мындан тышкары, «Ачык кабинет: Жоопкерчилик аймагы» долбоорун ишке ашырууга олуттуу салым кошкон, министрликтин ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыздоодо жана аны натыйжалуу маалыматтык чагылдырууда ак ниет эмгектенип жаткан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.