Жаңылыктар

18.10.2023 14:34

   Кароолор: 985406

ӨКМдин 12 КУТКАРУУЧУСУНА РОССИЯНЫН СЫЙЛЫГЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

ЭЛ АРАЛЫК АРЕНАДА АБРОЮ АРТКАН КЫРГЫЗСТАНДЫН КУТКАРУУЧУЛАРЫ

 

 

Бишкекте өтүп жаткан Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун 56-сессиясынына алкагында Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри, генерал-лейтенант Александр Куренков баш болгон атайы делегация менен Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев тар чөйрөдө кеңешме өткөрдү.

Анда тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюудагы ар тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарына кеңири токтолушту.

Өз сөзүндө министр Б. Ажикеев Россиянын өрт өчүрүүчү унаалары жана акыркы үлгүдөгү Ми-8 МТВ тик учагын тапшырып, техникалык мүмкүнчүлүктөрдү арттырууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн кесиптешине терең ыраазычылык билдирди.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "За содружество во имя спасения" ведомстволук медалы менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 12 куткаруучусу сыйланды.

Жогорку даражадагы сыйлык ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун "Эдельвейс" тоо куткаруучулар кошуунунун үстүбүздөгү жылдын июль айында Жеңиш чокусуна жүрүшкө чыгып, дайынсыз жоголгон 4 альпинистти издөө ишинде тайманбастык менен жигердүү аракет жасагандыгы үчүн тапшырылды.

Эске салсак, 2023-жылдын 13-июль күнү орусиялык Дмитрий Павленко жубайы Светлана Великанова баштаган Литва жана Россия өлкөсүнүн жарандары Жеңиш чокусун багындыруу үчүн Кыргызстандагы "Ак-Сай" Трэвел компаниясы аркылуу жүрүшкө чыгышкан. Тилекке каршы 19-июль күнү белгисиз себептерден улам байланыш үзүлүп, төрт адамдын дайыны чыкпай калган.

Мындан улам 27-июлда Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги альпинисттерди издөөгө жардам берүүсүн өтүнүү тууралуу расмий кайрылуусу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине түшкөн. Ага ылайык ӨКМ 11 тоо куткаруучусун тик учак менен Жеңиш чокусуна альпинисттерди издөө үчүн жиберген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР