Жаңылыктар

20.02.2024 16:38

   Кароолор: 415

ӨКМде ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛЫП, КОЛЛЕГИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

ӨКМде ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛЫП, КОЛЛЕГИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

 

Бүгүн, 20-февралда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жетекчилиги астында жыл жыйынтыгын кароо коллегиясы өткөрүлдү. Жыйынга КРнын Коопсуздук кеңешинин өкүлү Кубанычбек Зайнидинов жана ӨКМдин курамындагы аймактык башкармалыктардын, түзүмдөрдүн жетекчилери, өздүк курам катышты.

Алгач министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов күн тартибинде ӨКМдин 2023-жылдагы көрсөткүчтөрүнө токтолду. Издеп-куткаруу иш-чараларынын жыйынтыгы, техникалык жетишкендиктер каржылык жана башка маселелер тууралуу маалымат берди.

Андан соң отурумдун жүрүшүндө быйылкы 2024-жылга болгон планы жана сунуштары, приоритеттүү багыттары тиешелүү тармактын өкүлдөрү менен биргеликте талкууланды. Коллегиянын жүрүшүндө өткөн жылдагы табигый жана техногендик кырсыктарга токтолуп, материалдык зыяндар жана ошондой эле ӨКМдин аткарган иштеринин артыкчылыктары белгиленди.

Алдыдагы жылы табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алууга, ар бир сезондук өзгөчө кырдаалдарга бардык тараптан күжүрмөн даярдыкка токтолушту. Жыйын суроо -жооп форматында уланып, өз сунуштарын беришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу