Жаңылыктар
24.01.2025 11:09
Кароолор: 354
ӨКМде “ЖЕР ТИТИРӨӨ” БОЮНЧА АЙГАЙ ЖАРЫЯЛАНДЫ
ӨКМдин борбордук аппаратында министрликтин деңгээлиндеги машыгуунун алкагында бүгүн, 24-январь күнү “жер титирөө катталгандыгы” боюнча айгай жарыяланды. Ага ылайык мамлекеттик жарандык жана аскер кызматкерлери саат 08:00дө кызмат ордуларында дайын болуп, кырсык катталганда биринчи кезекте уюштурула турган иш-чаралар боюнча практикалык жана теориялык окуудан өтүштү.
Генерал-майор Бообек Ажикеевдин буйругу менен уюштурулган машыгуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республика боюнча жалпы түзүмдүк, аймактык жана ведомствого караштуу бөлүктөрүндө өткөрүлдү.
Анын негизги максаты – ӨКМ күчтөрүнүн, каражаттарынын өзгөчө кырдаал коркунучу жаралган шартта, келип чыкканда кырсыктан куткаруу сыяктуу кечиктирилгис иштерди аткаруу, жабыркаган калкты ар тараптуу камсыздоону ыкчам уюштурууга үйрөтүү.
Машыгууда министрдин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов кырсык катталганда иш аракеттерди так аткарууну, сигналдар жана билдирүүлөр боюнча белгиленген тартипте иш-чараларды уюштуруп, маалыматтарды өз убагында берилип турушун жана машыгууга активдүү катышууну өздүк курамдан талап кылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР