Жаңылыктар
22.01.2025 20:36
Кароолор: 652
ӨКМде ҮЧ ТАРАПТУУ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында бүгүн, 22-январда Кыргызстандагы Евро кеңештин жана Ага Хан өнүктүрүү уюмунун делегациясы менен үч тараптуу Меморандумга кол коюу иш-чарасы болуп өттү.
Меморандумга жергиликтүү бийликтин өзгөчө кырдаалдарга таасир этүү системасынын эффективдүүлүгүн жакшыртуу жана жогорулатуу максатында кол коюлду.
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев белгилегендей, бул документтин ишке ашырылышы менен көп функционалдуу объектилердин курулушун жеңилдетип, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкарууга жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жакшыртууга шарт түзүлөт.
Бул демилге Кыргызстандын аймактарында өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү менен негизги өнөктөштөрдүн кызматташуусу аркылуу аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана табигый апааттарга байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө маанилүү роль ойнойт.
Өз кезегинде Евро кеңештин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсон айым Меморандумга кол коюлушу менен Кыргызстан чек ара аймактарынын туруктуулугун чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат.
Белгилей кетсек, бул долбоор жергиликтүү бийликтин жана коомчулуктун табигый кырсыктарга натыйжалуу чара көрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.
Жолугушуунун аягында Бообек Ажикеев Мэрилин Йосефсон айымга ӨКМдин “Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдоо үчүн” медалын ыйгарды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР