Жаңылыктар

09.10.2025 18:50

   Кароолор: 286

ӨКМде ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫН АЛДЫН АЛУУ ЖАНА КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ЖААТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУНУН КЕЛЕЧЕГИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Эл аралык кызматташуу башкармалыгынын башчысы Канат Карыбай уулу Дүйнөлүк банктын жана Япониянын Өрттү, табигый кырсыктарды башкаруу агенттигинин (FDMA) өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү.

Тараптар кызматташуунун келечектүү багыттарын, анын ичинде биргелешкен окуу иш-чараларын, алдыңкы тажрыйбаларды алмашууну, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатууга жана жооп кайтаруу тутумун жакшыртууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында калкты жана аймактарды табигый, техногендик коркунучтардан коргоо потенциалын чыңдоодо маанилүү кадам боло турган Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен FDMA ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу маселесин кароону макулдашышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу