Жаңылыктар
24.12.2024 18:23
Кароолор: 169
ӨКМде ӨРТТӨН САКТАНУУНУ ЭСКЕРТКЕН ОКУУ УЮШТУРУЛДУ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын имаратында бүгүн, 24-декабрда өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматкерлер арасында окуу болуп өттү.
Өрт кырсыктарын болтурбоо, алдын алуу жана өздүк курамдын өрткө каршы даярдыгын, сабаттуулугун жогорулатууга багытталган бул окуу министрликтин 912-буйругунун негизинде ӨКМдин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгы тарабынан өткөрүлдү.
Анын эң негизги максаты – министрликтин борбордук аппараттында иштеген кызматкерлерден түзүлгөн ыктыярдуу өрт өчүрүү кошуундун кырсык учурундагы ыкчам аракеттерин жана даярдыгын баалоо болду.
Окуунун жүрүшүндө имараттын экинчи кабатында өрт чыккандыгы тууралуу айгай (тревога) берилип, кызматкерлердин бардыгы тышка чыгарылды. Муну менен катар министрликтин Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы, полковник Алмазбек Асанов өздүк курамга эвакуациялык кошумча эшиктер тууралуу билүүнү, кырсык катталганда алгачкы көрүлө турган чараларды жана эскертүүлөрдү так сактоону, иш бөлмөлөрдө өрт коопсуздугунун абалын, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарынын оң болушун камсыздоо жана ага карата зарыл чараларды өз убагында камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүздү.
Мындан тышкары ыктыярдуу өрт өчүрүү кошуунуна кирген кызматкерлерге өрттүн алдын алуу, эвакуациялоо, өрт өчүрүүчү шаймандарды колдонуу эрежелери боюнча тиешелүү сабак уюштуруунун маанилүүлүгү белгиленди.
Белгилей кетсек, мындай окуулар ӨКМ жетекчилигинин тапшырмасы менен өлкө аймактарында, мамлекеттик, муниципалдык органдарда жана коммерциялык мекемелерде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында министрликтин адистери тарабынан ар дайым өткөрүлүп турат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР