Жаңылыктар

15.02.2024 14:26

   Кароолор: 338

ӨКМде ООГАН СОГУШУ ЭСКЕРИЛДИ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратында жана облустардагы башкармалыктарында Ооган согушунун 35 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Анда Советтик Армиянын жоокерлеринин катарында кызмат өтөп, Ооганстандагы кан күйгөн согушта баатырдык көрсөткөн кыргызстандык жоокерлер эскерилди.

Иш-чарада Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин куттуктоосун ооган ардагери, учурдагы министрдин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов жеткирди. Ал өз сөзүндө келечек муун үчүн үлгү болгон

эр-азаматтардын эрдиги түбөлүк сакталарын баса белгилеп, министрликтин ардак грамоталарын жана медалдарын тапшырды.

Белгилей кетсек, учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 10дон ашуун ооган ардагери иштеп келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу